
Коронавирус: 426 жаңы учур катталды
24 Янв , 9:31
869
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 314, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 22 адамдан вирус табылган.
Акыркы суткада эки бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. 2 миң 851 адам каза болду.