https://www.ktrk.kg/Мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып салынды

Мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып салынды

9 Авг , 11:17 351

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук банк мыйзамсыз валюта алмаштырган Телеграмм-каналдын ээлерине айып салды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш билдирди. 

Анын айтымында, Улуттук банктын жетекчилиги рейддерди өткөрүп, мындай каналдардын ээлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүгө аракет жасоодо. Рейд учурунда бардыгы болуп 14 физикалык жакка айып пул салынган. 

Буга чейин Улуттук банк ИИМ жана Салык кызматы менен бирге уруксаты жок валюта алмаштыруу менен алектенгендердин жолун бөгөөгө ниеттенип жатканын кабарлаган. 

Мыйзам боюнча тиешелүү лицензиясы жок акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Айып пул жеке жактар үчүн 17,5 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду түзөт.


Новости по дате