https://www.ktrk.kg/Президент Садыр Жапаров Беларусь Президенти  Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

22 Сент , 17:24 696

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Новости по дате