https://www.ktrk.kg/Баткенде талкаланган үйлөр 26-сентябрдан тарта курулуп баштайт

Баткенде талкаланган үйлөр 26-сентябрдан тарта курулуп баштайт

24 Сент , 19:19 139

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан жабыр тарткан турак жайлар эки күндөн кийин салына баштайт. Бул тууралуу бүгүн президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди. Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт. “Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, - деди Айбек Жунушалиев.


Новости по дате