https://www.ktrk.kg/Дүйнө чемпионатынын тарыхында ири эсебинде уткан улуттук курамалар

Дүйнө чемпионатынын тарыхында ири эсебинде уткан улуттук курамалар

24 Нояб 2022 , 14:34 917

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Испания Дүйнө чемпионатында Коста-Риканы 7:0 эсебинде таш талканын чыгарды. Бул оюн дүйнө мундиалынын тарыхында эң ири жеңиштин бири болду. Бирок бул турнирдин алкагында мындан да чоң эсепте уткан курамалар бар. Келиңиздер, ошол оюндарга саресеп салалы.

Түркия 7:0 Түштүк Корея – ДМ-1954

Швейцариянын оюн талаасында Түркия эсте каларлык беттеш өткөргөн. Түштүк Кореяга каршы оюнда чабуулчу Бурхан Саргын хет-трик жасаган. Болбосо, аталган футболчу дебют жасаганына аз эле убакыт өткөн. Ошол унутулгус оюндан кийин ал улуттук курама үчүн бир гана оюн өткөргөн. Учурда Саргын 93 жашта жана Катарда испаниялыктардын тартуулаган оюнун көрсө керек. Белгилей кетсек, түркиялыктар 3 күндөн кийин Батыш Германия менен плей-офф үчүн күрөшүп, өз дарбазасынан 7 топ алып чыгышкан (2:7).

Уругвай 7:0 Шотландия – ДМ-1954

Ошол кездеги дүйнөнүн чемпиону болгон Уругвай биринчи беттешүүдө Чехословакияны утуп алса, экинчисинде шотландиялыктарды сезген эмес. Тыныгуу алдында эсеп 2:0 гана болчу. Экинчи 45 мүнөттүктө Оскар Мигес менен Хулио Аббади дубльдын автору болсо, Карлос Борхес хет-трик жасаган. Бирок уругвайлыктар титулун коргой албай, финалга чыга алышкан жок – алар андан бир кадам мурда токтоп, Венгрияга утулуп калышкан.

Польша 7:0 Гаити – ДМ-1974

Ошол турнирдин биринчи оюнунда Гаити италиялыктарга 1:3 эсебинде гана утулган. Болгондо да эсепти биринчилерден болуп ачышкан. Бирок польшалыктарга каршы беттеште баары алар күткөндөй болгон жок. Биринчи таймда эле жоопсуз 5 гол өткөрүп жиберишсе, экинчи бөлүктө эсеп 7:0 болду. Польша тайпадагы бардык 3 оюнду жеңип, жарым финалга чейин жеткен. Натыйжада алар Бразилиянын утуп коло байгенин ээси аталышкан.

Португалия 7:0 Түндүк Корея – ДМ-2010

Испания – Коста-Рика беттешинен кийин оюңарга ушул оюн келсе керек. Табышмактуу түндүк кореялык футболчулар биринчи таймда бир эле гол өткөрүп жиберген, бирок португалиялыктар от алып 2-таймда жоопсуз 6 топ киргизген. Ушундан кийин Роналдунун командасы гол киргизген жок. Бразилия менен тең чыгып, испаниялыктардан 1/8 финалдык баскычта тизе бүккөн (0:1).

Швеция 8:0 Куба – ДМ-1938

Бир четинен бул плей-оффтогу ири эсеп менен жыйынтыкталган жалгыз оюн. Анда швециялыктар Кубаны сезген эмес. Балким, кубалыктар чарчап калгандыктан болсо керек. Анткени буга чейин алар (3:3, 2:1) Румыния менен эки жолу ойношкон (переигровка).

Германия 8:0 Сауд Аравиясы – ДМ-2002

Германия курамасы финалга карай жолду жакшы баштаган. Дүйнө чемпионатынын мыкты бомбардири Мирослав Клозе (16 гол), саудиялыктарга 25 мүнөт ичинде эки гол киргизген. Ал эми 70-мүнөттө хет-триктин автору болду. Анда Германия өз тайпасын жеңип чыккан. Жыйынтыгында финалга чейин барган, бирок Бразилияга 0:2 эсебинде утулуп калган.

Новости по дате