
Элдик Курултайга чет мамлекетте жашаган кыргыз жарандары да делегат болуп келишти
25 Нояб 2022 , 20:14
247
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Элдик Курултайга аймактардан сырткары чет мамлекетте жашаган кыргыз жарандары да делегат болуп келишти. Алар жашап, эмгектенип жүргөн мамлекеттерде туш болгон көйгөйлөрү менен катар сунуштарын ортого салды.
Эмгек мигранттарынын басымдуусу жаштар. Ал эми көтөрүлгөн маселелердин орчундуусу миграция, үй-бүлө баалуулуктарын сактап калуу болду.