https://www.ktrk.kg/Электр акысын төлөбөгөндөрдүн жарыгы өчүрүлөт

Электр акысын төлөбөгөндөрдүн жарыгы өчүрүлөт

28 Нояб 2022 , 13:51 632

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында электрге төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүү 29-ноябрда башталат.

Чүй электр тармактар ишканасы билдиргендей, “акылдуу” эсептегичтердин эсебинде Бишкекте 4 миң 300 электр колдонуучунун карызы бар. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Белгиленгендей, Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.

Новости по дате