https://www.ktrk.kg/Элдик ырчыдан профессионалдуу опералык ырчыга чейин өскөн Муса Баетов

Элдик ырчыдан профессионалдуу опералык ырчыга чейин өскөн Муса Баетов

28 Нояб 2022 , 17:26 442

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

МУСА   БАЕВТОВГО  120  ЖЫЛ

Бала кезимде патефонду  көрүп  калдым. Ак куунун моюнундай буралып,   болоттон  жасалган  темир ийнеге  кара  табактарды коюп койсоң укмуштуудай обон  угулаар эле. Таятам менен  таенем улам-улам уккандан  тажабаган ырлар  - кийин  жүрөгүмө  сиңип, ан-сезимимден  билип-билбей  орун алган  Муса Баетовдун  ырлары болчу. Патефондун тияк-биягына чыгып, ырдап жаткан ырчыны көргүм келген  балалыгым ай!

Кийин билсем, патефондо обон созгон  Муса Баетовдун "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген  өзүнүн үнү менен 1948-жылы  Москвадан жазылган  жыйырмадан ашуун  обондуу ырлары кыргыз музыкасынын  алтын казынасына айланган экен.

АЛ КЕЗДЕ  ДӨРБӨЛЖҮН   ДЕП АТАЛЧУ...

Азыр Муса  Баетов аталып жүргөн Ак-Талаа районунун  борбору ал кезде Дөрбөлжүн  деп аталчу. Кийин ысымы таш жарган  атактуу акын, ырчы Муса Баетов  Байгөнчөк  айылында1902 -жылы жарык дүйнөгө  келет.  Анын обон дүйнөсү  каны-жаны менен жаралган  окшобойбу, бир уяда төрөлүшкөн  жети бир туугандын баары тең  ыр-күүгө  шыктуу, айрыкча эжеси Үрпүкан, агасы Чодолой  да комузда кол ойнотуп, элдик ырларды кубулжута  ырдаган    таланттуу уул-кыздардан болушкан.

Кабыргасы ката эле  беш жашында  атасынан, сегиз жашында энесинен айрылып  томолой жетим калат.Обон дүйнөсү  оргуп-ташыган  Мусанын алгачкы  устаты  ак-талалык белгилүү  комузчу Ыман Бердик болгон, андан  комуз күүлөрүн, Тоголок Молдодон (Байымбет Абдрахманов)  секетпай, күйгөн  ырларын үйрөнүп, той-топурдун шаңы, топ  баштаган  балдардын  башы болот.

1916-жылы Үркүн маалында Кытайдын Тоюн деген  жерине дейре барып, жалчылыктын азабын  башынан  өткөрөт. Бирок, комузун колунан, обонун оозунан  түшүрбөйт. Эл арасында ырдалып жүргөн  “Ак-Сай”, “Сарт калмак”,«Кургур ай» аттуу элдик, Боогачынын «Үкөй», Сыртпайдын «Сыртпайдын обону» деген чыгармаларын ырдоо аркылуу эл арасына белгилүү боло баштайт.

 МУСАНЫН ҮНҮ  ...ДРАМАЛЫК ТЕНОРГО ТЕКТЕШ  БОЛГОН

Кыргыздын  белгилүү  музыка таануучусу  Балбай  Алагушев  минтип жазат:

“Мусанын үнү жердигинен лирикалуу, элдик аваздык боёкторго сугарылган диапазону кенен, бардык регистерлерде уккулуктуу, кубаттуу чыккан, ыргактык белгилери боюнча драмалык тенорго тектеш болгон.Ал айтылуу обончулардын чыгармаларын терең сүйүү, жалындаган эргүү менен ырдаган. Ал шайырлардын обондорунун өзөктөрүн сактоо менен сезим отун жандырган жаңы мукамдуулукту, кайталангыс аваздык кооздуктарды таап аткарган”.

“ДААНЫШМАНДЫ”  УККАНДА...

Отузунчу жылдары кыргыз жеринде жергиликтүү басма сөз жана радиоуктурууларды  активдештирүү иштери башталып, педтехникумду бүтүргөн, билимдүү акын Кубанычбек Маликов өкмөттүн  тапшырмасы менен Нарын шаарына газета чыгаруу үчүн жиберилет.  Иш сапарында жүргөн  учурда  Ак-Талаадан Мусага жолугуп, махабат баянын укмуштуудай обонго салган  “Даанышманды” угат. Арген үндүү  Мусанын талантына куштар болгон Кубанычбек Маликов Нарынга ишке чакырып, билими анча эместигине карабай райондук кесипчилер кошуунунун төрагасы кызматын берет.

АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТ

Мусанын искусство дүйнөсүнө  саякаты ошол Кубанычбек Маликов менен  таанышкан күндөн ийгиликтүү  башталып, ал  Баетовдун жеке концерти болорун колго сыя менен чоң кагазга бадырайта жаздыртып, Нарындын көчөлөрүнө далдайган-далдайган кулактандырууну “Муса Баетовдун концерти” деп  афиша илдирет. Ошентип, эч ким тааный элек  жигиттин алгачкы кечеси жума сайын өткөрүлүп,  Кеңеш өкмөтү өз тарабына элди тартуу үчүн жер-жерлерде радио түйүндөрүн ачат. Ошондой бир түйүн Нарынга да ачылат да, 1931-жылдан 1934-жылга дейре ал жерде Муса Баетов өз ырларын, күүлөрүн элге жеткирип түз эфирден чыгып турганга чоң мүмкүнчүлүгүн ачып берген.

МУСАНЫН  ОРДО   КАЛААГА  КЕЛИШИ

1934-жыл. Мусаны Ат-Башы райком партиясынын катчысы Акматбек Жумабаев ордо калаа Бишкекке алып келет. Ал Мусаны Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында артист болуп иштөөгө сунуштайт. Жаш обончу-ырчы Баетов театрдын босогосун кандайча аттаганы жөнүндө ак таңдай төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев мындай деп эскерет:

“...Мусанын мукамдуу кооз үнү отургандарды дароо арбап, өзүнө тартып алды. Анан сезимибизди козгоп, жүрөгүбүздүн терең жерине жетип, жаш жигиттин сүйүүгө болгон кусалыгы, жароокер сүйгөнүн күнү-түнү эстеп сагынганын отургандарга элестетти. Бөлмөнүн ичи жым-жырт. Бир гана Мусанын ажайып үнү бирде жаңырып, бирде салмактуу угулат. Муса кыяк (гармон) менен да ырдады. Комиссиянын мүчөлөрү Мусаны театрга кабыл алдык”

ШУБИНДЕН МУЗЫКАЛЫК САБАК

Кыргыздын  белгилүү  музыка таануучусу  Балбай  Алагушев: 

“Муса 1936-жылы уюшулган Кыргыз филармониясынын босогосун аттаган күндөн ырчылык, обончулук, аткаруучулук шыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө умтулат. Өзүнүн кесиптештери менен элдик музыкалык аспаптардан турган оркестрди уюштурууга жандуу катышат. Ал оркестрдеги комуз-альтта алгачкылардан ойнойт. Оркестрдин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру Петр Федорович Шубинден музыкалык сабаттан сабак алат. Тубаса музыкалык зээндүүлүктүн, талыкпаган эмгекчиликтин, тырышчаактыктын натыйжасында нотаны бат эле үйрөнөт. Устаты Шубиндин жардамы менен өзүнүн "Даанышман", "Ойгоном", "Арпанын Ала-Тоосунан", Атайдын "Эсимде" аттуу ырларын оркестрдин коштоосунда ырдайт”.

МОСКВАДАГЫ ОН КҮН

1939-жыл.Москва. Кремлдин чоң Сарайы. Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгү. 5-июнь. И.В Сталин жана өкмөттүк  жетекчилер. Корутунду концерт. Атайдын «Эсимдесин» эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдайт.

КР эл акыны  Абдырасул Токтомушев бул күндөр  тууралуу  “Кремлде чертилген комуз” деген макаласында эскерет:

...Бир убакта Муса Баетов чыгып, эң сонун мукам үнү менен олтургандарды өзүнө тартып алды. Ал көз жашын мөлтүлдөтүп ыйлап да, обонун бузбай ырдап жатты. Эмне үчүн мындай? Ал бир кездеги көкөйүн кескен жакырчылыгы, кой кайтарып тоодо түргөн күндөрү эсине түшүп, азыркы тагдырына ыраазы болуп, кубанганынан эреркеп ыйлоодо. Анын бул ыйлап жана ырдап турушу бүткүл ошол жерде отургандардын көңүлүн бурду. Бул чоң таланттуу адам”.

1943-жылдын октябрь айында Муса "Кыргыз ССРинин эл артисти" деген ардактуу наамга татыктуу болот

1945-46-жылдары Муса Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштейт. Туубаса  актердук шыгы бар Баетов, композитор В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин "Айчүрөк", "Манас", Е.Брусиловскийдин "Кыз жибек" операларынан Күлчоронун, Сыргактын, Алмамбеттин, Ырчынын ролдорун аткарат.  Муса элдик ырчыдан профессионалдуу опералык ырчыга чейин өсөт.

Тоо булбулу , айтылуу ырчы, атактуу обончу Муса  Баетов   47 жашында 9-май күнү узакка созулган оорудан көз жумган.

                                       ГҮЛМИРА  КУЛУМБАЕВА


Новости по дате