https://www.ktrk.kg/ЕАЭБ: Эсеп палаталары текшерүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарды

ЕАЭБ: Эсеп палаталары текшерүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарды

29 Нояб 2022 , 9:20 170

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Эсеп палаталары бажы төлөмдөрүн киргизүү жана бөлүштүрүү жана аларды мамлекеттик бюджетке чегерүү боюнча биргелешкен аудиттин жыйынтыгын чыгарды. 

Жыйын Кыргызстандын төрагалыгы астында онлайн режиминде өттү. 

Отурумда белгилегендей, 2021-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттерине ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын түшүүсү 13,5 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда 2,3 млрд долларга же 20,5%га көп. Анын ичинен Армения – 31%, Беларусь – 3,3%, Казакстан – 20%, Орусия – 20,5% өскөн. 

Ал эми кирешелердин эң көп өсүшү Кыргызстандын бюджетине туура келет. Тагыраагы, ташып келүү бажы алымдарынын суммасы 98% түзгөн. 

Коллегия мүчөлөрү биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыгы боюнча отчетту бир добуштан бекитишти.

Новости по дате