
Жалал-Абад шаарынын чок ортосунда жайгашкан түзөтүү абагы шаар аймагынан көчүрүлөт
29 Нояб 2022 , 21:37
169
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Жалал-Абад шаарынын чок ортосунда жайгашкан түзөтүү абагы шаар аймагынан көчүрүлөт. №10 жалпы режимдеги түзөтүү абагы үчүн Базар-Коргон районунда жаңы мекеме курулууда. Пайдубалдын капсула салуусуна, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев, жергиликтүү бийлик башчылары, мекеменин өздүк курамы катышты.