https://www.ktrk.kg/Президент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду

Президент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду

30 Нояб 2022 , 9:32 196

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду. 

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кабыл алган. Документ ушул жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт. 

Келишимде эки өлкөнүн чек арасындагы 302,29 чакырым аралыктагы участоктор кирген.


Новости по дате