https://www.ktrk.kg/Аргентина жана Нидерланды курамалары 1/4 финалдык баскычында беттешет

Аргентина жана Нидерланды курамалары 1/4 финалдык баскычында беттешет

4 Дек 2022 , 14:42 854

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-декабрда дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык бөлүгүнүн беттеши болду. Анда Аргентина жана Австралия курамалары Ар-Райян шаарынын «Ахмад бин Али» стадионунда беттешти. Оюн 2:1 эсебинде «альбиселестенин» пайдасына жыйынтыкталды. Бардык голду аргентиналык футболчулар киргизди. 35-мүнөттө Лео Месси команданы алдыга жетелесе, Хулиан Альварес 57-мүнөттө эсеп артыкчылыгын бекемдеди. Ал эми 77-мүнөттө Энцо Фернандес өз дарбазасына автогол багыттап алды.

Оюндун мыкты футболчусу деп Лионель Месси аталды. Ушуну менен футболчу 8-ирет аталган сыйлыкка татыктуу болуп жатат. Буга чейин ал Дүйнө чемпионатынын беттештеринде 7 жолу мыкты деп табылган. Ошентип, Лео бул сыйлыктар боюнча рекорд жасады. Дүйнө мундиалынын тарыхында бир дагы футболчу 8 жолу оюндун мыктысы болуп көргөн эмес. Аргентиналык футболчунун карамагында 3 гол жана бир натыйжалуу пас бар.


¼ финалдык баскычта Аргентина курамасынын атаандашы Нидерланды болот. Луи Ван Галдын шакирттери плей-оффто АКШ курама командасын 3:1 эсебинде тизе бүктүрдү. Нидерландынын катарынан Мемфис Депай, Дэйли Блинд жана Дензел Думфрис өзгөчөлөнсө, америкалыктардан Хаджи Райт жалгыз голдун ээси аталды. Нидерланды – АКШ оюнунун мыкты футболчусу Дензел Думфрис болду. Ал оюнда 2 натыйжалуу пас чыгарып, бир гол киргизди.

Кошумчалай кетсек, бүгүн КТРК Спорт телеканалынын түз эфиринде эки беттеш көрсөтүлөт. Саат 21:00дө «Аль-Тумама» оюн талаасында Франция – Польша беттеши болсо, түнкү саат 01:00дө Англия менен Сенегал «Аль-Байт» стадионунда күч сынашат.

Новости по дате