
Президент С.Жапаров Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштырууга жетпей жаткан каражатты бөлүп берди
4 Дек 2022 , 21:45
111
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Президент Садыр Жапаров Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштырууга жетпей жаткан 42 миң долларды бөлүп берди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтуусунда, президентке жардам сурап кайрылган соң 1 сааттан кийин С.Жапаровдун атынан 42 миң долларды ооруканага келип берип кетишкен.
Эске сала кетсек, Азиз Мурадилаев 3-декабрда оор абалда ооруканага түшкөнү маалым болгон.