
"Коопсуз шаар": кытайлык компания милдетин аткарбай коюп өкмөт соттошуп жатат
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди "Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd" компаниясы утуп алган.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Ош облусуна жана шаарына, Ысык-Көлгө "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп, бирок эки жылдан бери иштебей турушунун себебин сурады.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов тендерди уткан кытайлык компания өз милдеттемелерин аткара албай калып, Санариптик өнүктүрүү министрлиги алар менен соттошуп жатканын билдирди.