
Чейрек финалды Хорватия - Бразилия беттеши ачып берет
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Дүйнө чемпионатында буту жерге тийбей ойногон бул Бразилия болду. Тайпалык баскычтын биринчи турунда эле Сербияга каршы оюну баарыбызды канааттандырды (2:0). Өзүнүн керемет оюнун кийинки беттештерде улантып, плей-оффто Түштүк Кореядан тамтык калтырган жок (4:1).
Эми Титенин жигиттери жарым финалдын жолдомосу үчүн Хорватия менен таймашат. Тараптардын беттеши 9-декабрда “Эдьюкейшн Сити” стэдиумда болот. Ушул оюн менен чейрек финалды ачып алабыз. Ал күнү бир нече сааттан кийин Нидерланды жана Аргентина кезигет. Жеңүүчүлөр жарым финалда бир-бирине туш болот.
Хорватия бул биринчиликте өзүн анчейин жакшы көрсөтө албай жатат. 2018-жылга салыштырмалуу шахматтуулар өздөрүнө өздөрү окшош эмес. 5 упай чогултуп тайпадан 2-орун менен чыкты. 1/8 финалдык баскычта Златко Даличтин шакирттери Жапония курамасын пенальтилер сериясынан гана жеңе алды.
Бразилия менен Хорватия дүйнө мундиалында 3-ирет жолугат. Бирок плей-оффто командалар биринчи жолу ойношот. Буга чейин алар тайпалык баскычта гана кезигип келишкен.
Дүйнө чемпионаты-2006да “пентакампеондор” хорватиялыктарды утуп алган (1:0). Жалгыз голдун автору Кака болчу. Хорватия анда тайпада 3-орунду ээлеп, турнирдеги жүрүшүн токтотсо, Бразилия биринчи орун менен чыккан. Бирок чейрек финалда Тьерри Анринин голунун айынан Францияга утулуп калышкан.
2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпионатында Бразилия курамасы Хорватия менен жолуккан. Оюндун башында эле турнир ээлеринин оюнчусу Марсело автогол киргизип алган. Бирок Неймар дубль жасап, Оскар бир голу менен улуттук курамага 3 упай алып келген (3:1). Хорватиялыктар анда дагы тайпадан ары өтпөй калса, Бразилия адатынча 9 упайы менен биринчи орунду ээлеген. Плей-оффтук бөлүктө Чили жана Колумбияны өтүп, жарым финалда эсте каларлык 7 гол өткөрүп жиберген. Неймар, Тьяго Силва жана Дани Алвес “Минейраодогу” окуяны унутпаса керек.
4 жыл мурун Орусияда болгон Дүйнө чемпионатында командалар бир-бири менен кезиккен жок. Бирок турнир алдында жолдоштук беттеш өткөрүп, адатынча сары-жашыл түстүүлөр утуп алган. Бирок турнирдин өзүндө Бразилия чейрек финалда жүрүшүн токтотту. Ал эми Хорватия финалга чейин жетип, күмүш байгенин ээси болушкан.
Оюнду КТРК Спорт жана Улуттук биринчи канал түз эфирде көрсөтөт. Өткөрүп жибербеңиздер!