https://www.ktrk.kg/Нидерланды - Аргентина беттеши. Кимиси жарым финалга чыгат?

Нидерланды - Аргентина беттеши. Кимиси жарым финалга чыгат?

8 Дек 2022 , 14:59 2013

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында кызыктуу оюндар жалгашат. 9-декабрда түнкү саат 01:00дө Нидерланды менен Аргентина курама командалары жарым финалдын жолдомосу үчүн жолугат. Оюн Лусаил шаарынын “Лусаил” стадионунда болот.

Эки команда бул мелдеште 5 жолу беттешип, экиден жеңишти камсыздаган. Ортодо бир тең чыгуу бар. Тараптардын ортосунда эң маанилүү оюн 1978-жана 2014-жылы болгон. Биринчисинде Аргентина өз үйүндө өткөн дүйнө мундиалынын финалына жетип, Нидерланды курамасын 3:1 эсебинде утуп алган. Ал эми 8 жыл мурда Бразилиянын “Коринтианс аренасында” жарым финалда кезигип, пенальтилер сериясы аркылуу Аргентина жеңүүчү болгон.


Анда Лео Месси өзүнүн карьерасында алгачкы ирет финалга чейин барган. Бирок ага жана “альбиселестеге” финалда жеңиш буйрубаптыр. Германия Марио Гетценин голу менен Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталган.


Мына ошол 2014-жылдан бери Аргентина жана Нидерланды бир-бири менен беттеше элек. Ортодо голландиялыктарды кризис каптады. 2016-жылы Еврого, 2018-жылы мундиалга жолдомо ала албай калган. Ошондой эле, 2018/19-жылы УЕФА Улуттар лигасынын финалында Португалияга 0:1 эсебинде утулган.


Ал эми Аргентина деле ошол убакыт аралыгында башынан бир топ сыноо өткөрдү. 2015-жана 2016-жылы Америка кубогунун финалына эки жолу чыгып, Чили курамасына пенальтилер сериясынан уттуруп жиберген. 2021-жылы гана Лионель Месси 3-аракетинен кийин Аргентина менен трофей утту. Бразилияда Америка кубогунун финалында Бразилияны 1:0 эсебинде тизе бүктүрүшкөн.

Тараптар бул мелдеште дайыма маанилүү баскычта жолугуп келишет. Бул учурда дагы Нидерланды менен Аргентина чейрек финалда күч сынашканы турат. Экөө тен татыктуу команда, бирок бирөө гана жарым финалга аттанат.

Кимиси жарым финалга татыктуу экенин КТРК Спорт жана Улуттук биринчи каналдын түз эфиринен көрө аласыздар. Өткөрүп жибербеңиздер!

Новости по дате