
COVID-19: Медиктерге 73 млн сом кенемте төлөндү
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Өзгөчө кырдаал учурунда COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылап иштеген 737 медицина кызматкерине быйыл 73 миллион сомго чукул кенемте берилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.
Кызмат учурунда ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 242 дарыгерге 28,9 миллион, ал эми 363 орто персоналга 33,3 миллион, кийинки 132 кенже жана башка кызматкерлерге 10,4 миллион сом чегерилген.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду былтыр 253 медикке 18,9 миллион сом төлөнгөнүн белгиледи. 2021инчи жана 2022-жылдарды кошуп эсептегенде баш-аягы медициналык 990 кызматкерге 91 миллион сомдой кенемте чегерилген.