https://www.ktrk.kg/Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү

Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү

1 Фев , 13:33 154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында "Ала-Тоо" аянтында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү. 

Мамлекет башчысы бардык унааларды карап чыгып, мүнөздөмөсү менен таанышты. Техникалар Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтерине жана Бишкек шаардык мэриясына берилди. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылды. 

Салтанат учурунда Садыр Жапаров министрликтердин жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине иши үчүн ыраазычылык билдирип, автопарктын толукталышы менен куттуктады.


Новости по дате