https://www.ktrk.kg/Кыргызстан курама командасы Индия жана Мьянма менен ойнойт

Кыргызстан курама командасы Индия жана Мьянма менен ойнойт

3 Фев , 17:32 806

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы март айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, беттештер Азия кубогуна даярдык катары болот.

Улуттук курама ушуну менен 2-Азия кубогуна катышат. Буга чейин Кыргызстан курамасы 2019-жылы өзүнүн тарыхында алгачкы иретАзия кубогуна катышып, плей-оффтук баскычка чейин барган.

Алдыда болчу Азия кубогу 2023 эмес 2024-жылы болот. Анткени турнирди кабыл ала турган Катар курама командасы ушул жылдын алкагында КОНКАКАФ Алтын кубогуна катышат.

Новости по дате