
Түркияда жер титирөө катталган аймактарда үй кургандарга каршы иш башталды
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Түркияда жер титирөө катталган аймактарда үй кургандарга каршы иш башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Түркиянын Юстиция министри жер титирөө болгон аймакта үйлөрдү курууга катышкан бардык жеке адамдарга жана компанияларга каршы иш башталганын билдирди", - деп жазды элчи.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.