https://www.ktrk.kg/Болгариядагы грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 4 спортчу барат

Болгариядагы грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 4 спортчу барат

28 Фев , 12:23 383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык спортчулар Болгарияда боло турган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышат.

Dan Kolov - Nikola Petrov мелдеши 2-5-март аралыгында София шаарында өтөт. Кыргызстан курамасына 4 спортчу кирди.

Үзүр Джузупбеков бул турнирге 3 жолу катышып, үчөөндө тең олжолуу кайткан – эки коло жана күмүш. Жоламан Шаршенбеков 2019-жана 2022-жылы коло медаль тагынса, Акжол Махмудов дагы 3-орунду элеген (2022). Ал эми Амантур Исмаилов 2019-жылы 9-орунга жайгашкан.

Курамдын тизмеси

60 кг - Жоламан Шаршенбеков

67 кг - Амантур Исмаилов

77 кг - Акжол Махмудов

97 кг - Үзүр Джузупбеков

Башкы машыктыруучу  - Азат Эркимбаев

Улук машыктыруучу - Улукбек Карачолоков

Машыктыруучу - Мейрамбек Ахметов

Эл аралык категориядагы калыс - Мирлан Алжанов

Новости по дате