https://www.ktrk.kg/Кыргызстан курамасы босниялык атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңди

Кыргызстан курамасы босниялык атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңди

2 Март , 10:51 269

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан курамасы дүйнө чемионатында 2-оюнду катары менен утуп алды.

Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир Босния жана Герцеговинада өтүп жатат.

2-турдун беттешинде кыргызстандыктар талаа ээлери Босния жана Герцеговина курамасы менен жолугуп, 10:1 эсебинде утту. Мамед Сейфулов хет-триктин автору болду.

Биринчи турда Кыргызстан улуттук курама командасы Сингапурду 14:2 эсебинде тизе бүктүргөн.

Бүгүн 3-турдун алкагында кыргызстандыктар буга чейин 2 оюнда жалпы 4:24 эсебинде утулган Малайзия курамасы менен кезигет.

Новости по дате