https://www.ktrk.kg/Бишкекте Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтүүдө

Бишкекте Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтүүдө

3 Март , 13:13 194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте биринчи Азия-Тынч океан сурдочемпионат өтүүдө. Ага дүйнөнүн ондон ашык өлкөсүнөн келген 300гө жакын сурдоспортчу катышып жатат. 

Иш-чарага кулагы укпагандардын спорту боюнча Азия-Тынч океан конфедерациясынын президенти Мохаммад Паргар дагы күбө болууда. Ал Кыргызстандагы сурдоспортчулардын деңгээлин жогору бааларын билдирди. Айтымында, Азия-Тынч океан чемпионаты жөн жерден кыргыз жергесинде өтүп жаткан жок. 

Өлкөнүн сурдоспортчулары сурдлимпиада жана дүйнөлүк биринчиликтерде жеңишке жетип, байгелүү орундарга ээ болуп келе жатат. Бул кыргыз сурдоспортунун келечегинен кабар берип турат, - дейт. 

Эскерте кетсек, кулагы укпагандар арасындагы биринчи Азия-Тынч океан чемпионаты Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Анда спортчулар таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашууда.

Новости по дате