Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 29 учуру катталды
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстанда 13-марттан 19-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 29 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, 29 адамдын 11и ооруканага жаткырылган. "Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.
2022-жылы жана 2023-жылдын 81 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 21 учуру катталды, анын ичинен 20 миң 10 учур лабораториялык жол менен тастыкталса, 2 миң 11и клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган.