
Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды ташып чыгууга чектөөлөр киргизилди
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөр киргизилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.