Канал жөнүндө

КТРК СПОРТ телеканалы- Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамына кирген, Кыргызстандагы биринчи спорт канал. Канал атайын спорт темасындагы телеберүүлөрдү чагылдырууга жана жайылтууга арналган.

Дүйнө элдеринин, анын ичинен Кыргызстандын жарандарынын спортко болгон кызыгуулары жылдан-жылга өсүп жаткандыгы эске алынып, каналдын негизги максаты өлкө аймагындагы спортту өнүктүрүүгө салым кошуу, сергек жашоону жайылтып, жаштарды спорт менен машыгууга үндөө жана улуттук спорт оюндарын жайылтып, алдыга чыгарууга багытталган.

Спорттук беттешүүлөрдү чагылдыруу КТРК СПОРТ телеканалынын эфирдик саясатынын негизин түзөт. Эл аралык таймаштар эфирдин 50%дан ашыгын түзүп, түз эфирде да чагылдырылат. Спорт сүйүүчүлөр онлайн режимде дүйнөлүк олимпиада жана Азия оюндарын, футбол боюнча өлкөнүн, дүйнөнүн жана Европа чемпионаттарын, улуттук спорт оюндарынын түрлөрү, жеңил атлетика, хоккей ж.б спорт түрлөрүн көрө алышат.

Байланыш

Адрес: Кыргызстан, г.Бишкек, блв.Молодой Гвардии 59

Телефон: +996 312 65 21 00

E-mail: tv.ktrksport@gmail.com


Биз социалдык тармактарда