Кыргызстандык спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарындагы фехтование боюнча мелдештин 1/16 финалында утулуп калды.
Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча, Петров 1/32 финалдык баскычтан баштап, атаандашы кореялык спортчу Сегон Ма болгон. Кыргызстандык спортчу Сегон Маны 15:7 эсебинде ишенимдүү жеңип, кийинки турга өткөн.
1/16 финалдык баскычта Петров 2018-жылкы Азия оюндарынын жана 2019-жылкы Азия чемпиону япониялык Ямада Масару менен жолугушту.
Биринчи бөлүктө япониялык спортчу 4:2 менен жеңсе, экинчисинде кыргыз спортчусу эсепти 10:10 эсебинде теңегенге жетишкен. Экинчи бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө Масару дагы эки упай топтоп, эсепти 12:10го өзгөртүп койду.
Үчүнчү бөлүктө япониялык спортчу 15:13 эсебинде жеңишке жетип, Роман Петров медаль үчүн жарыштан четтеп калды.