Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токио Олимпиадасынын алкагындагы биринчи беттешинде Европа чемпиону россиялык Алан Хубецовдон жеңилип калды.
Спортчу бүгүн, 27-июль 81 кг салмак ченинде күч сынашып, 3 эскертүү (пассивдүүлүк үчүн) алуу менен утулду. Муну менен кыргыз спортчусу Олимпиада-2020 мелдешинен четтеп калды.
Белгилей кетсек, Владимир Золоев Кыргызстанда өткөн дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медаль жеңип алган.