Кыргыз радиосу - жан дүйнөнүн азыгы

Кыргыз радиосу - көөнөрбөс мурастар казынасы

Тулпар жалгыз качырлардын тобунда, Шумкар жалгыз каргалардын тобунда.

Турар Кожомбердиев

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар, Кылым кезген тарыхын унуткандар.

Шайлообек Дүйшеев

Маанилүү максатка каражат өзүнөн-өзү табылат.

Махатма Ганди

Туруктуу мүнөз менен ийкемдүү акыл эриш-аркак болууга тийиш.

Люк де Клапье Вовенарг

Мыкты китеп адамзатка автордон калтырылган таберик-мурас.

Джозеф Аддисон

Акылдуу бардык талапты өзүнө койсо, акмак бардык талапты элге коет.

Кытай санжырасы

Бербесе мейли байлыкты, бербесе мейли даңкты да. Кийип да болсо айрыкты, эл менен жүргөн бакты да.

Сүйүнбай Эралиев

Аалам жашайт ачык тийген Күн менен, Күн батканда Ай жолдош го түн менен.

Мидин Алыбаев

Күчтүүдөн коркпой, өзүңдүн алсыздыгыңдан корк.

Исхак Раззаков

Карегимди калбас үчүн дат басып, кирпигимди турсун кээде жаш басып.

Алым Токтомушев

Ата Мекенге болгон жараатты, ар бир адам жүрөгүнүн түбүнөн сезет.

Виктор Мари Гюго

Башкаруучулар элге берген убадаларын унутуп калышат, эл болсо аларды эч качан унутпайт

Джузеппе Мадзини

Күчтүү мамлекет гана өзүнүн жарандарына эркиндикти камсыздай алат

Жан-Жак Руссо

Бир эле нота адам жүрөгүнүн туңгуюндагы тынч сезимге дүрбөлөң салып кетиши мүмкүн.

Рыспай Абдыкадыров

Бир токойго бербей турган дарак бар, бир китепке бербей турган барак бар...

Турар Кожомбердиев

Элди, улутту унутулгус үч байлык түзөт. Алар - жер, тил жана маданият

Мухтар Шаханов

Атактуу фильм жаратууга 3 нерсе зарыл – сценарий, сценарий жана дагы сценарий

Альфред Хичкок

Философия - чечилбеген суроолорго такталбаган жооптор

Карел Чапек

Адам менен илим – ар дайым бири-бирин чагылдырып туруучу ийилген күзгүлөрдөй...

Александр Герцен

Өлбөй тирүү калбайсың, Жан аманат, ойлоп бак. Ыркырашпа тирүүңдө, Ырыс алды – ынтымак.

Токтогул

Эгерде сөзгө өтө аяр мамиле кылбаса, суу сыяктуу ыксыз ысырап кылса, барктабаса, баалуулугун аңдабаса, ал өзүнүн жандуу касиет-күчүн жоготот.

Чыңгыз Айтматов

Кирдебейт, өчпөйт сулуу сөз. Кирбиңдеп турат куру сөз. Эскирбейт, өлбөйт сулуу сөз. Эшиктен өтпөйт куру сөз.

Какен Алмазбеков

Ой канчалык улуу болбосун, ал ишке ашпаса куру сөзгө айланат

Кубатбек Жусубалиев

Тили жарды жазуучу канчалык кыялы ташкындабасын, канчалык көңүлү эргибесин, ойдогудай чыгарма бере албайт.

Түгөлбай Сыдыкбеков

Окуу түндө алдындагы шам чырак, билим алсаң маңдай ачык жаркырап...

Жусуп Баласагын

Маданият жана сырткы көркөмдүк – булар бири-бирине айкалышпаган нерсе

Ральф Уолдо Эмерсон

Музыка – улуу ойдун булагы. Музыкасыз акыл-эстин толук кандуу өрчүүсүн элестетүү кыйын.

Василий Сухомлинский

Китептин жаратуучусу – автор, анын андан аркы тагдыры – коомчулуктун кабыл алуусуна байланыштуу

Виктор Гюго

Живопись – үнсүз поэзия, ал эми поэзия – көрүнбөгөн живопись

Леонардо да Винчи

Сүрөтбаяндар

Биз социалдык тармактарда

Биздин Youtube канал

Youtube канал

Кыргыз Радиосу жөнүндө

Радионун негизги урааны: Кыргыз радиосу - жан дүйнөнүн азыгы.
Кыргыз радиосу - көөнөрбөс мурастар казынасы!

Тарыхы

Кыргыз радиосу мындан 80 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1931-жылы негизделген. Ал кездеги техникалык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан уктурууларды берүү ыкмасы азыркыдан кыйла айырмаланып турган.

Мезгил өтүп радио кызматкерлеринин тажрыйбасы улам арта берди. Жергиликтүү кызматкерлерди ал кезде СССРдин курамындагы башка шаарларга кыска мөөнөттөгү окууларга жөнөтүп, алардын билим деңгээлин, тажрыйбасын өнүктүрүп турушкан. Ошентип 80 жылдын ичинде Кыргыз Радиосунун техникалык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, улам жаңы бийиктиктерди багынтып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлине келип жетти.

Кыргыз Радиосунда 80 жылдын ичинде радиодо кандай гана чыгармачыл адамдар иштеген жок. Алардын көбү азыр ардагер кызматкерлер. Угарман журтуна аты-жөнү белгилүү болуп, кадыр-сыйга ээ болгон кесиптештерибиз кыйла көп.

толук маалымат

Дареги

Кыргызстан, Бишкек шаары.

Жаш Гвардия бульвары, 59

Байланыш телефон:

Түз эфирге чыгуу: (0312) 65-66-10, 65-67-04

Редакциянын номери: (0312) 39-15-54

Сайт:

www.ktrk.kg/kyrgyzradio

www.facebook.com/kyrgyzradiosu