16-март күнү саат 14:00дө "Ой талкуу" программасынан «Өкүл ата, өкүл апа каадасы» туурасында талкуу болот. «Аш көп болсо, каада көп» дегендей бүгүнку кундө өкүл ата, өкүл эне шайлоо каадасы ушунчалык жогорку денгээлде өнүгүп келет. Өкүл ата, өкүл энени тандоодо эмнеге көңүл буруу керек? Мына ушул суроонун үстүндө талкуу болмокчу.
Талкууга “Кыргыз элинин каада-салты” аттуу энциклопедиянын автору, Кыргыз- Россия Славян университетинин профессору Жапанов Аттокур Асаналиевич, КР нын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, өлкөбүздөгү белгилүү тамадалардын бири Эшенкул Барпиев , акын Сыйнатбүбү Мамытова , И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин, Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Улан Усупов, беш өкүл кыздын, бир өкүл баланын өкүл ата-энеси Кубан Имангазиев жана Дамира Жоробекова, жаш акын, белгилуу эстрада ырчысы Сыймык Бейшекеевдин отузунчу өкүл баласы Бердибек Жамгырчиев катышат.
Ошондой эле, 18 өкүл баласы бар белгилүү төкмө акын Женишбек Жумакадыр жана 14 өкүл баласы бар Аалы Туткучевдерге телефон аркылуу байланышып, өкүл балдарынын баары менен катышабы жана катышууга өздөрүнүн чама-чаркы жетеби? деген суроого жооп алабыз. Кыргыз радиосун тындаңыздар!