Эркин котормочу Темиралы Кунашов көп жылдан бери курандын аяттарына, анын котормолоруна кызыгып изденип бир нече эмгектерди топтогон.
Ал буга чейин башка тилге куранды которгон котормочулар менен чогуу иштеп алардын эмгектери менен таанышып, көп жылдык мээнет коротту. Китептин бетачары Коомдук биринчи каналда өтүп, ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бир катар китеп сүйүүчүлөр катышты.
Кыргызча которулган китептин ичиндеги жасалгасы ар бир сүрөнүн алдындагы кооздолгон өзгөчөлүктөрдүн баары кыргыздын этно оймолору түшүрүлүп жасалган. Китеп биринчи этапта миң нуска менен басылып чыкты. Кийин дагы суроо-талапка жараша көп нускада чыгарылат.
Кытайлык кыргыз жигиттер менен өнөрлүү кыргыз айымдарынын ортосундагы "Кыз-жигиттин Сармерден" оюнунан сүрөтбаян. Нооруз майрамына арналган кызыктуу оюнду 21-мартта Коомдук биринчи жана Маданият Тарых Тил каналдарынан көрө аласыздар.
Кыргызстан, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары. Маданият Тарых Тил телеканалы.
0312 65 97 34
public@ktrk.kg