Logo Түз эфир
Logo

Маданият Тарых Тил телеканалы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамындагы маданият, тил жана тарых багытындагы телекөрсөтүүлөрдү даярдаган жана көрсөткөн канал болуп эсептелинет.

Бүгүнкү күндө маданияттын маанилүүлүгүн эске алуу менен МТТ каналы Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан Кыргызстандын калкы үчүн түзүлгөн.

Телекөрсөтүү торчосунун негизги бөлүгү өздүк көрсөтүүлөрдөн жана дүйнөлүк маданий мурастардан, окуялардан, жаңылыктардан түзүлмөкчү.
Маданияттын ар кыл тармактарынын ишмердүүлүгү чагылдырылмакчы.

Каналдын негизги иштөө принциптери

Кыргызстан жана эл аралык ММКарына тийиштуу стандарттын негизинде иш алып баруу. Көрүүчүгө таңуулабастан тандоо укугун берүү.

Каналдын негизги максаты

Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон мыкты берүүлөрдү даярдоо, маданияттын ар тармагын аракеттүү чагылдыруу. Тарбия багыты, тарыхты тактоо, баамдоо, билүү, тил маселелери – МТТ каналынын көңүл чордонунда. Көрүүчүнүн көөнүн буруу менен аны бийик нерсеге шыктандыруу.