Кыргыз Таануу- Улуттук уңгунун уюткусун кармаган салттуу баалуулуктарыбыздын сакталышы жана жайылышы – азыркы коомго аба суудай керек. Дүйнөлөшүү шарданында шар суусуна агып кетпей, кылымдап келген салт нускаларды сактап, аны заманга шай учурга бап келтирип колдоно билүүгө үндөө – бул көрсөтүүнүн максаты. Максатка ылайык, “Кыргыз Таануу” долбоору, быйылкы “Маданият жана Тарых” жылынын мүдөөсүнө ширелтип, бай мураска ээ кыргыз элинин материалдык байлыктары аркылуу тарыхты, маданиятты жалпы журтка жаңыча ыкмада жеткирүүнү көздөйт. Кадимки пайдаланып жүргөн буюм тайымдар аркылуу, салт-санааларыбыздын биз билип биле элек сырларын үйрөнүп, азыркы коомго табийгый тазалыкты, экологиялык нукуралуулукту пайдаланууга чакырык салынат.
Иштеп чыгарган Улут Софт