"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 29.03.2022 | 21:00 | #АЛАТОО24 29 Март, 2022 1438
1. Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт. Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алууда.
2. Россиядан 7 миң тоннага жакын дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү келет. Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоого мамлекет 14 миң тоннадан ашык үрөн алуу келишимин түзгөн.
3. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууда. Сунуштар менен сын-пикирлер Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмү аркылуу кабыл алынууда.
4. "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү уланууда. Бул сапар өлкөнүн Конфессиялар аралык кеңешинин 17 диний уюмунун өкүлдөрү Бишкектин "Ынтымак" эс алуу багында 100дөй түп көчөт отургузушту.