"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 01.06.2022 (21:00) 1 Июнь, 2022 1029
1. БАЛДАР - ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ
Баланын күлкүсү - куунак жашоонун белгиси. Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен Президент Садыр Жапаров куттуктады.
2. ИРИДЕ - БАЛДАРДЫН САЛАМАТТЫГЫ
Ар кайсы аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык комплекс ишке кирди. Аны мамлекет башчысы барып ачты.
3. СОЦИАЛДЫК ЖӨЛӨКПУЛДАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ
Социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү. Бул максаттар үчүн Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн.
4. БАЛДАР - БИЗДИН БАЙЛЫГЫБЫЗ
Ордолуу Ош шаарында да майрам күн ээлерине арналган иш-чаралар өтүп, белектер берилди.