Слова: Акбар Кубанычбеков
Музыка: Нурдин Төрөбеков
Учуп чыгып, кайра келет жаңы ысым
Акыйкаттын тыңшап дайым дабышын,
Бийиктикке бирге карай барабыз,
Бүгүнкүнүн тандап аруу, жаңысын,
Акылында көөнөрбөгөн бар кени,
Залкарлардын калды өчпөс бал кеби.
Өлкө үчүн мурас болдуң улутка,
Өсүш үчүн келечек муун анткени
Кайырма:
Эл жер үчүн кызматта,
Эмгек кылып бул чакта.
Кала бергин түбөлүк,
Улутума мураска.
Кечти узатып, күлүп тоскон таң алдын,
Ар убакта биринчисиң каналым.
Акыл кенин толтурасың байытып,
Артта калбай агымынан замандын!
Сенде гана бизге баалуу казына,
Ар тармакты кулачыңа батыра.
Улуу жолду улай бергин токтобой,
Ар жыл сайын жаш кошулуп жашыңа