Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, вирус Бишкекте - 9, Чүй облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 2 жана Баткен облусунда - 2 бейтаптан катталды. Муну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 200 миң 388ге жетип, анын ичинен 194 миң 527 киши айыккан.
Соңку суткада оору бир адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта 207 бейтап ооруканада дарыланып жатса, 1 миң 133 киши медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда. Ооруканадагылардын ичинен 88 адамдын абалы оор, ал эми 25 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды.