Новости Кыргызстана

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүздү image Фото: султан досалиев

26 Май, 2022 441

Мамлекет башчысы казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын канааттануу менен белгиледи. 

Президент Садыр Жапаров жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан Казакстандын Кудай кошкон кошунасы жана союздашы, ал эми кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин айтты. Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгы белгиленүүдө жана бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү.

Мындан соң, эки өлкөнүн президенттеринин кеңейтилген курамдагы жолугушуусу болду. "Биз кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүүнү жана чыңдоону, бири-бирибизди колдоону, азыркы замандын коркунучтарына каршы күрөшүүнү көздөйбүз", — деди Президент Садыр Жапаров.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ad