Талас: тешилген жолдон түйшүк тарткан эл - Кыргызстан жаңылыктары 18 Июнь, 2020 4145
Талас облусундагы Кара-Буура - Манас районун, Талас - Таразды бириктирип турган авто унаа жолунун бүгүнкү акыбалы тасмада көрүп тургандай кейиштүү абалга келип калган. Тешилген жолдон унаалар улам-улам бузулуп, карапайым элди кыйнап келет. Тамтыгы чыккан жолдун бир соо жери жок. Бир да жолу келип жамап кетишкен жок. Жогору жактагылар көңүл буруп койсо,- дейт "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.