Тамтыгы чыккан Өзгөрүш—Ат-Башы унаа жолу - Кыргызстан жаңылыктары 18 Июнь, 2020 4031
Өзгөрүш—Ат-Башы унаа жолуна көңүл бурулбай келет. Бул жолдун абалы тууралуу былтыр да "Элдик репортерго" билдирүү келген. Бирок ушул убакытка чейин жасалбай жатканы өкүндүрөт. Учурда жолдун начардыгына карабастан унаалар каттай берип, жол аңгыл-дөңгүл болуп калган.
Эл чындыгында кыйналып бүттү. Аңгыл-дөңгүл жол менен 1 саатта бара турган жерине, 3 саатта араң жетесиң. Ушул жолго Ат-Башынын акими ДЭУнун жетекчисин салып алып, бир көрүп кетсе жакшы болот эле,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.