Коомдук транспорттун ичинде санитардык талаптар сакталган эмес - Кыргызстан жаңылыктары 19 Июнь, 2020 5370
Бишкек шаарындагы №21 автобустун ичинде санитардык талаптар сакталган эмес деген автор "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн. Автордун айтымында, Ар каттам бүткөн сайын кармагычтарды, эшиктерди тазалап жатабыз,- деп жатышат айдоочулар. Эч кандай эрежелер сакталганын көргөнүм жок. Ичи кир, чаң, айнектери, эшиктери, полдору жуулган эмес, жийиркеничтүү абалда. Коомдук транспорт болгондон кийин тазалык сакталыш керек эле го, өлкөдө ушундай абал болуп жаткандан кийин. Буларды караган, жөнгө салып турган бирөө жарым барбы?- деп суроо салган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.