Бирдик айылындагы үлүш жерлерге курулуш курулууда - Кыргызстан жаңылыктары 22 Июнь, 2020 5226
Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Бирдик айылында үлүш жерлер сатылып, үлүш жерлерге курулуш курулуп жатат,- деген билдирүү келген. Автордун айтымында,
Ош - Бишкек жолунун боюнда айыл тургундарынын үлүш жерлери бар. Азыркы учурда бул жерде курулуш курулуп жатат. Арык бар болчу, арыкты жаап салышкандыктан. Үлүш жерлерге суу өтпөй калды. Мыйзамсыз кылып жатканы иштери үчүн жооп беришсин. Үлүш жерлерге курулуш курулмак беле. Жергиликтүү бийлик тез арада арыктарды ачтыртып, мыйзам чегинде чечип беришин суранабыз,- деп ачууланган автор.