Токтогул эс алуу багындагы соолуган гүлдөр - Кыргызстан жаңылыктары 22 Июнь, 2020 5482
Жалал-Абад облусунун борборунда жайгашкан Токтогул эс алуу багынын алдындагы отургузулган гүлдөр суугарылбай, гүлдөр соолуп калган. Бул гүлдөргө жок эле дегенде 10 күн арылыкта суу куюлган эмес. Гүлдөр четинен куурап жатат. Өтө аянычтуу абалда. Жалал-Абад жашылдандыруу ишканасы эмнени карап жатат белгисиз. Тегерек чети таштанды,- дейт "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.