Мазар-Суу айылындагы каналга бөлүнгөн каражат каякка кетти? - Кыргызстан жаңылыктары 22 Июнь, 2020 5371
Токтогул районунун Мазар-Суу айылындагы узундугу 7 чакырым каналдын курулушу 2006-жылы башталып, азыркы мезгилге чейин бүтпөй турганы өкүндүрөт. 400 гектар жерди суу менен камсыздоочу канал 2009-жылы эле ишке берилиши керек болчу.
14 жыл өтүптүр арадан, суу келбей, эгин талаалар куурап бүттү. Бул каналга ошол мезгилде 70 млн сомдой каражат бөлүнгөн. Ал акча кайсы жакка сарпталган эч ким билбейт. Каналга бир тамчы суу келе элек. Жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып койсо жакшы болмок. Барбаган жерибиз калган жок, бири-бирине шылташат,- дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.