Арча-Бешик: 200 түтүндүн кызыл китеби жок, айласы кеткен тургундар - Кыргызстан жаңылыктары 23 Июнь, 2020 5458
Арча-Бешик конушундагы Арча-Бешик көчөсүндө жашаган 200дөй түтүндүн үй маселеси 2005-жылдан бери чечилбей келет. Бул көчөнүн бир тарабында жайгашкан тургундардын кызыл китеби жок, азыркы күнгө чейин жапа чегип келишет. Автордун айтымында, Өз мээнеттери менен тапкан акчага сатып алган тургундар участокторду. Ошондо чечим эле чыгырып беришкен, кызыл китеп беришкен эмес. Көрсө алдап кетишиптир. Сокулук районуна карабайбыз же Бишкек шаарына карабайбыз. Бирок электр жарыгын, газдын, суунун, таштандынын акчаларын Ленин районуна төлөйбүз. Бирок бизди Бишкек шаарына кошпой келишет. Бул маселе менен кайрылбаган жерибиз калган жок. Тийиштүү органдар ушул маселени чечип беришин суранабыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.