Өз билемдикке салып балдар ойноочу аянтчаны басып алган ким? - Элдик репортер 2 Июль, 2020 5897
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Космическая көчөсүнүн тургуну "Элдик репортерго" көйгөйлүү маселе менен кайрылган. Анын айтымында, Бул көчөдө жашаган Козубаев Адылбек аттуу тургун, эч кимге баш бербей өз билемдикке салып балдар ойноочу аянтчаны басып алды. Козубаев Адылбек мурун Ленин, Октябрь райондорунда иштеп кеткен кызматкер болгон. Ошол кызматын пайдаланып жаткан кези. Тийиштүү органдар чара колдонушун өтүнөбүз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.