Ак-Ордо: эскилиги жеткен суу түтүктөрүнөн тургундар түйшүк тартууда - Элдик репортер 2 Июль, 2020 5741
Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы Чолпонбай Түлөбердиев көчөсүндө 3-4 жылдан бери таза суу маселесинен тургундар түйшүк тартып келүүдө. Суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиктен, улам-улам жарылып, мынтип тургундар убара тартууда.
Биздин орчунду маселебиз суу. Айыл өкмөт, суу башкармалыгы тарабынан эч кандай чара көрүшкөн жок. Конуштун тургундары ай сайын өзүлөрү акча чогултуп, жарылган түтүктөрдү оңдотобуз, жогору жактагылар көңүл буруп койсо жакшы болот эле,- дейт конушутун тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.