Суусамыр жайлоосунун жолунун абалына качан көңүл бурулат? - Элдик репортер 8 Июль, 2020 6061
Жайыл районуна караштуу Суусамыр жайлоосуна бара жаткан жол кейиштүү абалга келип калган. Суусамыр жайлоосуна канчалаган туристтер келет. Бирок бир келип кеткен турист жол азабын тарткандан кийин, бул жайлоого кайтып келгенге ашыкпайт. Бул жолду карап, көзөмөлгө алган эч ким жок. Ушул жолдун кесепетинен канчалаган туристтерди жоготуп жатабыз. Жол оңдолсо туристтердин саны көбөйүшү толук мүмкүн. Жергиликтүү бийликтегилер көзөмөлгө алышса,-деген автор билдирүү жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.