"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 22.03.2021 (21:00) 22 Март, 2021 1796
1. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин тизмегин каттоо аяктады.
2. Россияда жүргөн мекендештер паспортунун жарак мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартып алса болот. Учурда чет элдик мекемелерде ID-карталарды берүү маселесинин үстүндө дагы иш жүрүп жатат.
3. Нарын облусу менен Өзбекстандын Фергана дубанынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Эми Ат-Башы районунда 100 орундуу тигүү цехи ачылып, картошка менен этти экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
4. Бүгүн бүткүл дүйнөлүк суу ресурстар күнү. Борбор Азия чөлкөмүндө сууга бай өлкөлөрдүн катарына кирген Кыргызстанда сууну үнөмдөөгө жана сактоого кандай көңүл бурулат?