"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 03.01.2022 (21:00) 3 Янв, 2022 1645
1. Канадалык Centerra Gold компаниясы менен "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров "Кумтөр" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышканда белгиленди.
2. Кыргызстанда акыркы жылдары кышкы туризмди өнүктүрүүгө болгон аракеттер көрүлүүдө. Өлкө башчы чет элдик туристтерди эс алууга жана лыжа тебүүгө чакырды.
3. Майрамда да эс албаган кызматкерлер... Бишкектин тазалык ишканасынын кызматкерлери шаар тазалыгын сактоо максатында күчөтүлгөн нөөмөттө иштеди.
4. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, тамак-аш сапатын текшерди. Аталган мекемеде ар бир балага берилген күнүмдүк тамак-аш өлчөмү эсептелип чыгып, 200 сомго туураланган.